• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 310дон ашык интернет дүкөн иштейт

Коом 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 310дон ашык интернет дүкөн иштейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Ал санарип технологиялар экономиканын ар кайсы тармактарына кирип жатканын айтып өттү.

“Электрондук төлөмдөр багытында 11 электрондук капчык иштеп жатат. Аларды колдонуучулардын саны 2 миллиондон ашты. Республика боюнча 310дон ашык интернет дүкөн иштөөдө”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий