• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 33 миңден ашуун дарыгер коронавирусту дарылоо жолдорун үйрөндү

COVID - 19 0

Бишкек,15.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда 33 миңден ашуун медицина кызматкерлери COVID-19 илдетин аныктоо жана дарылоо, ошондой эле кызыл зонада иштөө шарттары боюнча окуудан өттү. Бул тууралуу “Сөздөн ишке” телеберүүсүнүн жүрүшүндө КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын дарыгерлери COVID-19 инфекциясын өз убагында аныктоону жана дарылоону үйрөнүштү.

“Ошондой эле коронавирустук инфекция менен ооруган бейтаптарды дарылоо боюнча 5-протокол кабыл алынып, ал натыйжалуу болду”, - деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө республикада 3-4 айга жетерлик дары-дармек жана жеке коргонуу каражаттардын запасы бар.

Пикир

Оставить комментарий