• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда 34 бала издөөдө жүрөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2011-жылдан тарта 34 бала изделүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында өкмөттүн 2018-жылдагы ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулуп жатканда Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Анын айтуусу боюнча, акыркы жылдары балдарды акча өндүрүү максатында уурдап кеткен фактылар болгон эмес.

“Акыркы жолу бала уурдоо фактысы 2015-жылы катталган. Ал эми үстүбүздөгү жылы мындай окуя кече Кант шаарында катталды. 2011-жылдан бери үйүнөн чыгып, ушул күнгө чейин кайра кайтып келбеген балдардын саны 34”, - дейт министр.

Пикир

Оставить комментарий