• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 341,4 миң суур бар — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда суурлардын саны 341 миң 425ке жетет. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен билдиришти.

Агенттиктин алдындагы Биоартүрдүүлүктү сактоо департаментинин кызматкерлери өлкөдөгү суурлардын санын эсептеп чыгышкан.

Учурда Кыргызстандын аймагында суурдун үч түрү байырлайт: боз суур, кызыл суур жана Мензбир сууру.

2016-жылы боз суурлардын саны 91 миң 705, 2017-жылы - 124 миң 294, 2018-жылы - 132 миң 635, 2019-жылы - 159 миң 66 болсо, быйыл алардын саны 164 миң 927ге жеткен.

Ошол эле учурда 2016-жылы кызыл суурдун саны 169 миң 910, 2017-жылы - 166 миң 553, 2018-жылы - 164 миң 304, 2019-жылы - 174 миң 37 болсо, быйыл алардын саны 164 миң 40ты түзгөн.

Ал эми Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген Мензбир суурунун саны 2016-жылы 13 миң 96 болсо, 2017-жылы - 12 миң 414, 2018-жылы - 13 миң 114, 2019-жылы - 12 миң 451, быйыл 12 миң 458 болгон.

Пикир

Оставить комментарий