• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 345 миңден ашык суур бар: Суурларга аңчылык мезгили башталды

Коом 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Кыргызстанда суурларга аңчылык мезгили башталды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен билдиришти.

Агенттиктин башчысынын буйругуна ылайык, ушул жылдын 6-июлунан тарта 1-сентябрга чейин аңчылык кылууга уруксат берилет.

Агенттиктин маалыматы боюнча, Кыргызстанда суурлардын саны 345 миң 554ге жетет. Учурда Кыргызстандын аймагында суурдун үч түрү байырлайт: боз суур, кызыл суур жана Мензбир сууру.

2016-жылы боз суурдун саны 91 миң 705, 2017-жылы 124 миң 294, 2018-жылы 132 миң 635, ал эми 2019-жылы 159 миң 66га жеткен.

Ошол эле учурда 2016-жылы кызыл суурдун саны 169 миң 910, 2017-жылы 166 миң 553, 2018-жылы 164 миң 304, 2019-жылы 174 миң 37 болгон.

Ал эми Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген Мензбир суурунун саны 2016-жылы 13 миң 96 болсо, 2017-жылы 12 миң 414, 2018-жылы 13 миң 114, 2019-жылы 12 миң 451ди түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий