• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 360 миңден ашык адам мамлекеттик жөлөк пул алат

Коом 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. 2017-жылдын 1-январына карата мамлекеттик жөлөк пул алучулардын саны 360,2 миң адамды түзгөн. Бул тууралуу КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин коллегиясында айтылды деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, 1-февралга карата социалдык төлөм түрүндө жөлөкпул жана компенсация алуучулар 454 миң адамдан ашкан.

Ай сайын жөлөкпул алуучу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 275,9 миң адамды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,3%га кыскарган. Буга жөлөкпул алуучулардын даректүүлүгүн күчөтүүнүн натыйжасында жетишилген. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө төлөнүүчү жөлөкпулдун орточо көлөмү 873,4 сомду түзгөн (өсүү - 13,5%).

Ай сайын социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 4.7%га көбөйүп, 84,3 адамды түзгөн. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 2394,3 сомду түзгөн.

Мамлекеттик жөлөкпулду төлөөгө республикалык бюджеттен 5 млрд 396,4 млн. сом жумшалган, анын ичинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө төлөнүүчү жөлөкпулдун жалпы өлчөмү 5 млрд 396,4 млн. сомду, социалдык жөлөкпулдун жалпы өлчөмү 2 млрд 430,4 млн сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий