• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 38%түгөй тукумсуздук менен жабыркайт - адис

Ден соолук 0

Бишкек, 14-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстандагы үй-бүлөлүк түгөйлөрүнүн 38% аял же эркек тараптын тукумсуздук маселесинен жабыркайт. Мындай маалымат “Репродуктивдүү ден соолук альянсынын” гендердик теңдик боюнча пресс-кафесинде белгилүү болду.

“Мындай статистика коңшу Казакстанда дагы бар. Бирок ал жакта бул маселе операция жолу менен жасалма уруктандыруу ыкмасы менен чечилген. Бизде бул практика өнүккөн эмес. Мындан улам 38% үй-бүлөнү сактап калуу маселеси келип чыгат. Буга ылайык, репродуктивдүү ден соолук маселеси үй-бүлөнү пландоодо негизги орунда турушу шарт деп эсептейбиз”,-деди мекеменин аткаруучу директору Галина Чиркина.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда ар бир 500 аял өлүмгө кабылышы мүмкүн. Буга алардын ден соолугунун абалы себепкер.

“Жаш энелердин арасындагы өлүмдүн көбөйүшү боюнда бар учурда жана төрөт маалындагы абалдын оорлошуп кеткенинен улам келип чыгууда. Статистика боюнча жашоо мерчиминде энелердин өлүмүнө алып келе турган коркунуч Африкада 1 к 39, Түштүк Азияда 1 к 160, бул аймактарда дүйнөдөгү энелердин өлүмүнүн 85% туура келет. Бир жылда 287 миң аял боюнда бар же төрөт учурунда көз жумат. Ал эми 47 миң учур кооптуу бойдон алдыруудан улам болот”,-деди Чиркина.

Акыркы жылдары Кыргызстанда энелердин өлүмү болгону 0,2% кыскарган. Буга ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги бул багыттагы ишти күчөтүшү керек.

“Статистикалык маалыматтарга ылайык, биринчи жолу боюнда болгон аялдардын 60% боюнда болгонун жакшы кабыл албайт. Буга үй-бүлөдөгү зомбулук, жыныстык катнашта бойдо болтурбоочу каражаттарды колдонууну билбегендиктен улам келип чыгат. Мунун баары энелердин өлүмүнүн өсүшүнө түздөн түз тиешеси бар”,-деп кошумчалады Чиркина.

Пикир

Оставить комментарий