• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда 386 айыл ичүүчү таза суу менен камсыз болгон эмес

Коом 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Өкмөт жыл сайын чек арада чектеш жайгашкан айылдардын өнүгүүсү үчүн акчалай каражат бөлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында жергиликтүү өз алдынча башкаруу башкармалык башчысы Азамат Шамеев билдирди.

Анын айтымында, чек арада чектеш жайгашкан айылдык округдар башкаларга салыштырмалуу анча өнүккөн эмес.

“Чек арага чектеш аймактарда социалдык-экономикалык абал начар. Учурда чек арадагы тилкелерде 50 айыл бар. Былтыр ушул региондордун өнүгүүсүнө бюджеттен 87 млн. сом бөлүнгөн. Мисалга, бул каражатка мектеп жана ФАПтар курулуп, айрым айылдар таза суу менен камсыз болгон”, - деп билдирди Шамеев.

Анын билдирүүсүнө караганда, 2017-жылы региондордун өнүгүүсүнө 100 млн. сом бөлүнгөн. 2018-жылы ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга 250 млн. сом, ал эми региондордун башкы планын иштеп чыгууга 50 млн. сом бөлүнгөн.

“Учурда Кыргызстандын калкынын саны 6 млн. 250 адамды түзөт, алардын бардыгы айыл аймактарда жашашат, ага байланыштуу аймактардагы жашоо шартты жакшыртуу биринчи планга чыгат”, - деди Азамат Шамеев.

Ал кошумчалагандай, учурда 31 шаардан 22 шаардын жана 1,5 миң айылдын башкы планы жок.

Кыргызстанда 1 миң 900 айыл бар, анын ичинен 386 айыл ичүүчү таза суу менен камсыз болгон эмес.

“Былтыр таза суу менен камсыз кылууга бюджеттен 100 млн. сом бөлүнгөн, быйыл 250 млн. сом. Ошондой эле өкмөттөн тышкары да бул маселеде бизге эл аралык донолор көмөк көрсөтүүдө. Мисалга, Европа өнүктүрүү банкы ж.б.”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий