• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Коом 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда кечээ, 3-март күнү саат 17:31де очогунда күчү дээрлик 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Кара-Киндик айылынын түштүк-чыгыш тарабында 24 чакырым алыстыкта, Бор-Дөбө айылынын чыгышында 25 чакырым алыстыкта, Нура айылынан түштүк-батышта 29 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жер титирөө Кара-Киндик, Бор-Дөбө, Нура айылдарында дээрлик 3 балл болуп сезилген.

Пикир

Оставить комментарий