• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда 4-июнь — сот экспертинин кесиптик күнү деп белгиледи

Өкмөт 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. 4-июнь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын сот экспертинин кесиптик күнү деп белгиленди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган чечим Кыргыз Республикасында соттук эксперттин ролун жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын соттук эксперт кесибине 59 жыл толот.

Белгилей кетсек, соттук экспертиза атайын билимдерди колдонуунун зарыл процессуалдык формасы катары укуктук мамлекетте абдан маанилүү ролду ойнойт жана сот адилеттигинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Жарандык, жазык жана административдик иштерди кароонун алкагында тергөө аракеттеринин жана сот өндүрүшүнүн маанилүү элементтеринин бири соттук экспертизаларды жүргүзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий