• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 4 миң 598 медкызматкерге 28 млн сом суммасында кошумча төлөмдөр берилди - вице-премьер

Өкмөт 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 4 миң 598 медкызматкерге 28 млн сом суммасында кошумча төлөмдөр берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, медкызматкерлердин марттагы айлыгына 11 күн иштегени үчүн 38,5 млн сом бөлүнгөн.

"Медкызматкерлердин эмгек акылары, кошумча төлөмдөр жана аларды коргоо боюнча маселелер талкуланууда. Негизги эмгек акылары толук берилет. Финансы министрлигинин астында ачылган эсепке 129 млн сом келип түшкөн", - дейт ал.

Исмаилова белгилегендей, атайын ачылган эсепке түшкөн каражаттарды ачык жана натыйжалуу бөлүштүрүү максатында премьер-министрдин буйругу менен атайын комиссия түзүлгөн.

"Комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин 3 депутаты жана коомдук уюмдун өкүлдөрү кирди. Бул комиссияны мен өзүм жетектейм. Апрель айындагы кошумча төлөм үчүн орточо 132 млн сом болжолдонууда. Бул сумма дагы такталат", - дейт вице-премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий