• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 4 миң 97 адам амбулатордук дарылануудан өтүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 4 миң 97 адам амбулатордук дарылануудан өтүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал эми стационарда дарыланууда – 577 бейтап болууда.

Кыргызстанда 5-сентябрга карата коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан учурлардын саны 44 миң 316ны түзөт. Алардын ичинен 39 миң 648 киши айыгып чыкты, 1 миң 61 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий