• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 4 миңден ашык адвокат катталган

Коом 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда 4 миң 245 адвокат катталган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында юстиция министри Марат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 2 миң 472 адвокат адвокатура институтунда турушат.

"Калган 1 миң 530 жактоочу адвокатурага кирбейт. Лицензия алгандардын 438инин адвокаттык ишмердиги токтотулуп, 63 адвокат ишмердигин жүргүзүү укугунан ажыратылган. Аны менен бирге 2 лицензия чакыртылып алынса, 77 лицензия күчүн жоготкон", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий