• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда «40 райондон – 40 демилге» долбоору ишке ашырыла баштайт

Өкмөт 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. «40 райондон – 40 демилге» долбоору боюнча Кыргызстандын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесинде кабыл алынды.

Белгилесек, «40 райондон – 40 демилге» инновациялык демилгелерди тандоо долбоору министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен иштелип чыккан.

«40 райондон – 40 демилге» долбоору өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн экономиканы, илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарында инновациялык долбоорлорду стимулдаштырууга жана илгерилетүүгө багытталган.

«40 райондон – 40 демилге» долбоору боюнча иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоону ведомстволор аралык комиссия ишке ашырат.

«40 райондон – 40 демилге» долбоорунун алкагында иштелип чыккан 8 жакын инновациялык демилге республикалык бюджеттен каржыланат деп болжолдонууда.

Буга катар тандалып алынган бир инновациялык демилгени ишке ашырууга 1 млн сомго чейин акча каражатын республикалык бюдлжеттен бөлүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий