• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 406 таштанды төгүүчү жайдын 10 пайызына гана уруксат берилген

Коом 0

Бишкек, 24.08.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 406 таштанды төгүүчү жайдын 10 пайызына гана уруксат берилген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын башчысы Кылычбек Тентимишев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө таштанды төгүүчү жайларды мыйзамдаштыруу боюнча иштер аткарылууда.

“Бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иш жүрүүдө”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий