• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда +40°ка чейин күн ысыйт. ӨКМ жарандарды этият болууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 25.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 26-30-июндарда аба ырайы кескин жогорулайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө +36…38°ка чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +38…40°ка чейин жогорулашы мүмкүн.

"Урматтуу жарандар, абанын температурасы абдан ысыган учурда көлөкөдө болуңуздар. Өзгөчө улуу муундагылар, жаш балдар жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдар салкын жайда болуусу зарыл!", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий