• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда 41,7 миң абитуриент жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өткөн

Билим 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 41 миң 727 абитуриент жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өттү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Ал жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 15-майда аяктаганын айтып өттү.

“Жалпы республикалык тестирлөө 3 баскычта өтөт. 21-июнда негизги тест, 22-июнда кошумча сабактар боюнча тест тапшырылат. Экинчи этап 24-25-июнда, үчүнчү этап 11-12-июлда өтөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий