• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 417 адам COVID-19га каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2-апрель саат 8:00гө карата COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы 417 адам эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, бир суткада жалпы 113 адам эмделген. Бишкекте жалпы 177, Ошто 173, Чүй облусунда 62 адам вакцина алды.

Эскерте кетсек, биринчи этапта “SinoPharm” кытай вакцинасы менен 75 миң адам эмделет.

Бишкекте 5 эмдөө пункту Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында жайгаштырылды.

Чүй облусунда Ысык-Ата жана Сокулук райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 5 эмдөө пункту ачылды.

Ошондой эле Ошто №8 жана №10 ҮМБнын эки филиалынын базасында 2 пункт ачылат.

Белгиленгендей, биринчи этапта жандандыруу бөлүмүнүн, жугуштуу оорулар ооруканасынын, тез жардам дарыгерлери, оорунун очогунда иштеп жаткан эпидемиологдор, андан тышкары, мугалимдер, Чек ара, Бажы кызматынын жана ИИМдин кызматкерлери эмделишет.

Пикир

Оставить комментарий