• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда 42,6% балдар жана 39% кош бойлуу аялдардын аз кандуулук деңгээли жогору – БУУ

Коом 0

Бишкек, 23.11.18. / Кабар/. Кыргызстанда 5 жашка чейинки балдардын 42,6 пайызы жана кош бойлуу аялдардын 39 пайызынын аз кандуулук деңгээли жогору. Бул тууралуу БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдары иштеп чыккан азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу концепциясында айтылат.

Анда айтылгандай, өспүрүмдөрдүн, айрыкча кыздардын тамактануусунун бузулушу көп маани берилбеген көйгөй болууда. Бирок ал учурду кийинки дени сак репродуктивдүү жашоого даярданууга, тамактануу менен байланышкан өнөкөт оорулардын чыгышын алдын алууга мүмкүнчүлүк катары кароо керек.

Документте ымыркай кезинен 6 айга чейин эне сүтү менен багуу жолу аркылуу туура тамактанууну жайылтуу жана коргоо артыкчылыктуу болушу керектиги айтылат.

30,6% аялдар менен балдардын 7%дан ашыгы толук кандуу жана жетишерлик тамактанбагандыктан ашыкча салмак жана семирүүгө чалдыккан.

Мындан тышкары кант, туз, каныккан майлары ашыкча ченемдеги тамактардын жеткиликтүүлүгү, керектөөсү көбөйгөнү байкалат.

Пикир

Оставить комментарий