• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда 45 кинотеатр иштейт

Маданият 0

Бишкек, 04.11.19. /Кабар/. Кыргызстанда өлкө боюнча 45 кинотеатр иштейт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

2-ноябрь – Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата Статистика комитети, Кыргызстандын маданият тармагына байланыштуу айрым маалыматтарды топтогон.

Статистика комитетинен белгилешкендей, 2018-жылы өлкөдөгү кинотеатрларга 189 миң көрүүчү келген.

Кинотеатрлардын көбү Бишкек шаарында (11) жана Чүй облусунда (8) орун алган.

Пикир

Оставить комментарий