• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 45 миңден ашуун ККМ колдонулууда – Мамлекеттик салык кызматы

Экономика 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда 2022-жылдын үч айында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 18 миңден ашык субъект контролдук-кассалык машинаны колдонууга өттү.Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын башынан бери салык кызматы тарабынан чарбалык субъекттердин контролдук-кассалык машиналарды колдонуусу боюнча белгиленген иштер жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө республика боюнча 45 миң 35 контролдук-кассалык машина колдонулат, анын 22 миң 173 – аппараттык ККМ жана 22 миң 862 – программалык ККМ.

"Мамлекеттик салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү субъекттерди катталуу жана контролдук-кассалык машиналар менен иштөө үчүн иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына кайрылууга чакырат", - деди ал.

Салык кызматы азыркы учурда эки типтеги – аппараттык жана программалык ККМ колдонуларын белгилейт.

Аппараттык ККМ – бул онлайн режиминде маалымат берүү модулуна ээ болгон фискалдык эс тутуму бар кадимки кассалык аппарат.

Программалык ККМ – смартфонго, планшетке же компьютерге акысыз орнотулган тиркеме түрүнө ээ жана аппараттык ККМ үчүн эң жеткиликтүү альтернатива болуп саналат. Керектөөчүлөргө чек берүү үчүн чек принтерин сатып алуу ишкерге жетиштүү.

Программалык ККМ Play Маркет ("Онлайн ККМ" тиркемеси) аркылуу смартфонго акысыз орнотулат. Аппараттык ККМди техникалык тейлөө борборлорунан сатып алууга болот, бүгүнкү күндө алардын саны14 түзөт.

Мындан тышкары," Керемет банк", "РСК банк" жана "Айыл Банк" заманбап ККМди POS орнотулган терминалы менен акысыз беришет.

Пикир

Оставить комментарий