• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 452 айыл өкмөтүнүн ичинен 377си дотацияда калууда

Өкмөт 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 452 айыл өкмөтүнүн ичинен 377си дотацияда калууда. Бул тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын катышуусундагы Республикалык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, учурда республикада 75 айыл өкмөтү гана чыгымдарын өз алдынча жаба алат.

“Азыркы учурда жаңыдан түзүлгөн бардык айыл өкмөт башчыларынын негизги максаты - дотациядан чыгуу. Трансформациянын алкагында айыл өкмөтү үчүн киреше салыгынын 50%ы жана сатуудан алынуучу салыктын 30%ы айыл өкмөттүн бюджетине чегерилет. Мындан тышкары, коммуналдык төлөмдөрдү төлөөгө жана айыл өкмөттөрүндөгү мектептердеги чыгым республикалык бюджеттен каралат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий