• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда 475 согуш ардагери жашайт

Коом 0

Бишкек, 08.05.18. /Кабар/. Кыргызстанда 475 Улуу Ата Мекендик согуштун, концлагерлердин жашы жете элек туткундары, Ленинград блокадачылары жашайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Социалдык камсыздоо департаментинин адиси Жумгалбек Солтонкулов билдирди.

Анын айтымында, алардын көпчүлүгү Бишкекте жашайт.

Солтонкуловдун айтуусунда, УАМ согуштун ардагерлери пенсиядан жана ар дайымкы төлөмдөрдөн тышкары, Жеңиш күнүн утурлай бир жолу берилчү акчалай төлөмдөрдү алышат.

Алсак, өкмөттүн буйругуна ылайык, катышуучулар, майыптар, концлагерлердин жашы жете элек туткундары, Ленинград блокадачылары 15400 сомдон алышат. Каза болгондордун жана тылдын эмгекчилеринин үй-бүлөлөрү – 10 миң 100 сом - 10 миң 200 сомдон алышат.

Бул жылы Кыргызстандан Москвадагы Жеңиш парадына ардагерлер катышпайт. “Кабар” агенттигине Мамкоргоо комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, себеби Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгы мааракелик дата болуп саналбагандыктан, Кыргызстан расмий чакыруу алган жок. Ал жактан кошумчалашкандай, балким айрым ардагерлер жеке тартипте чакыруу алышкан болушу мүмкүн.

Эске сала кетсек, эртең Бишкекте “Өчпөс полк” жөө жүрүшү болот.

Пикир

Оставить комментарий