• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 5-9-класстар үчүн информатика боюнча заманбап китеп иштелип чыкты

Билим 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Кыргызстандагы информатиктер ассоциациясы 5-9-класстар үчүн информатика сабагынан заманбап китеп иштеп чыкты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Кыргыз-орус славян университетинин Маалыматтык-эсептөө технологиялар кафедрасынын улук окутуучусу, 5-9-класстар үчүн “Информатика” китебинин авторлорунун бири Артем Беляев билдирди.

Анын айтымында, бул китеп бүгүн информатика чөйрөсүнда бар болгон бардык багыттарды өзүнө камтыйт.

“Ошондой эле жаңы технологиялар каралган. Бул китеп уникалдуу болуп эсептелет, анткени ал башка китептердин негизинде жазылган эмес. Бул окуу китеби маалыматтын деңгээлин көтөрүү үчүн иштелип чыккан. Тилекке каршы, биздин мектептерде информатика жаатында билим берүүдө бир катар көйгөйлөр бар. Биз муну өзгөртүүгө аракет кылуудабыз. Бул китепти чыгаруунун себептеринин бири – программалоону мектепте бир чейрек эмес, 5-класстан 9-класска чейин окутуу. Аталган китеп окуучуларга өзүнүн келечектеги адистигин тандоого жардам берет. Алар информатика жана анын бардык багыттары тууралуу биле алышат”, - дейт ал.

Маалыматтык программанын директору, Информатика” китебинин авторлорунун бири Лира Самыкбаева билдиргендей, китеп түзүүдө практик мугалимдер жана программистер кирген атайын жумушчу топ түзүлгөн.

“Биз чыгарган китеп бардык заманбап талаптарга жооп берет. Азыркы азыркы колдонулуп жаткан китептерде программалоонун эски тилдери паскаль жана бейсик колдонулат. Бул тилдер дүйнөдө колдонулбаган тилдер деп эсептелет. Акыркы учурда программалоо үчүн жаңы тил “питон” колдонулуп келет. Белгилүү google же youtube каналдары ошол тил менен жазылган. Балдар 5-класстан баштап ушул тилди үйрөнүп башташат. Ал АКШда жана Европанын бардык өлкөлөрүндө кабыл алынган. Питон бардык эл аралык тренд жана талаптарга жооп берет”, - дейт автор.

Самыкбаева кошумчалагандай, бул китеп үч жылдан бери Кыргызстандын 20 мектебинде апробациядан өтүүдө. Ал эми 5-6-класстар үчүн китеп жакында эле КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылган. Китеп эки тилде жазылган.

Андан тышкары, Лира Самыкбаева маалымдагандай, информатиканы окутууда бир катар көйгөйлөр бар. Алар компьютерлердин жетиштүү санда, интернеттин жоктугу жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу кыйындыгы менен байланыштуу.

Ал эми “Кыргызстандагы информатиктер ассоциациясынын” координатору Нурия Шараева кошумчалагандай, үстбүздөгү жылдын июль айында информатика боюнча сабак берген мугалимдердин биринчи чогулушу өткөн. “Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чаралар улантылып, өзгөчө басым аймактарга жасалат”,- дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий