• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 5 айда эки облус жана бир шаарда ымыркай көп төрөлгөн — сандар

Коом 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы 2021-жылдын 5 айында 52 миң 469 туулгандыгы тууралуу күбөлүк каттаган.

МККнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ымыркайлардын көпчүлүгү Жалал-Абад жана Ош облустарында жана Бишкек шаарында төрөлгөн.

Өлкөнүн региондору боюнча акт жазууларынын саны:

- Бишкек шаарында - 9 282 бирдик;

- Чүй облусунда - 6 731 бирдик;

- Нарын облусунда - 1 882 бирдик;

- Жалал-Абад облусунда - 10 163 даана;

- Ош шаарында - 5 313 бирдик;

- Ош облусунда - 9 132 бирдик;

- Баткен облусунда - 4 584 бирдик;

- Ысык-Көл облусунда - 3 365 даана;

- Талас облусунда - 2 017 даана.

Үй-бүлөдө жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн ата-энелери тарабынан 52 541 "балага сүйүнчү" жөлөк пулу алынган. Эскерте кетсек, бул жөлөк пулду бала төрөлгөндөн кийин 6 айдын ичинде алууга болот.

Возможно, это изображение (текст «туулгандыгы тууралуу актыларды каттоо боюнча статистика 2021-жылдын 21жылдьн1январдан31-майтачейин 1-январдан 31-майга чейин бишкек обл. обл. обл чуйская жалал-абадская ошская ош г. баткенская обл. обл. обл. обл. батенская иссык-кульская кульская ая таласская нарынская»)

Пикир

Оставить комментарий