• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 5 айда инфляциянын деңгээли 4,8%ды түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. 2021-жылы январь-майда (2020-жылдын декабрь айынан бери салыштырганда) керектөө баалары жана тарифтер (инфляция) жалпы республика боюнча 4,8%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттеги маалымат жыйынында статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын маалыматы боюнча, тамак-аш продукцияларына жана алкоголсуз суусундуктарга баа 6,8%га, алкоголдуу ичимдиктерге жана тамекиге 6,5%, азык-түлүк эмес товарларга 3%, калкка көрсөтүлгөн кызматтарга тарифтер 1,1%га жогорулаган.

“Бул аралыкта эң жогорку баа картошкага кымбаттаган, анын баасы - 33,9%га, кум-шекерге – 20,6%га, өсүмдүк майы – 19%га, кой эти – 14,2%га, тооктун жумурткасы – 13%га, жаңы жашылчалар – 12%га, жаңы мөмө жемиштер – 9,6%га, балык – 5,1%га жана на – 2,8%га кымбаттаган”,-деди ал.

Маалымат үчүн: Инфляция – товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жалпы деңгээлинин узак мезгил бою жогорулашы.

Пикир

Оставить комментарий