• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 5-октябрь кырсыктардын санын азайтуу күнү деп белгиленди

Коом 0

Бишкек, 22- июнь /Кабар/. Кыргызстанда 5-октябрь кырсыктардын санын азайтуу күнү деп белгиленди. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта “Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сунушу, өкмөттүн 2017-жылдын 13-июнундагы чечими менен 5-октябрь ар жыл сайын кырсыктардын санын азайтуу күнү деп белгиленери айтылат.

КР Өкмөтү өлкөнүн потенциалын бекемдөөнү эске алып, өзгөчө кырдаалдарга даярдыктарды жогорулатуу, республиканын аймактарын жана жарандарын өзгөчө кырдаалдардан сактап калуунун артыкчылыгын эске алуу менен бул чечимди кабыл алган.

Ар жыл сайын 5-октябрда ресбуликалык деңгээлде өзгөчө кырдаалдар жөнүндө элдерге комплекстүү маалымат берүү иш чаралары жүргүзүлүп турат. Ошондой эле, ӨКМ бөлүмдөрүндө, жаштар кыймылынын арасында коопсуз жашоого аракет кылуу багытында таймаштар, ачык эшик күндөрү жана башка бир катар иш чаралар уюштурулуп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий