• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда 54 гектар жерге жайыт үрөндөрү эгилди

Коом 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда 54 гектар жерге бир тонна жайыт үрөнү эгилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директорунун орун басары Максатбек Мамытбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда жайыт жерлердин түшүмдүүлүгү төмөндөп кеткенине байланыштуу бул тармакта тиешелүү иштер аткарылууда.

“Алардын эң негизгилердин бири болуп жайыт үрөнчүлүгүн түзүү жана жайыт үрөнчүлүгүн өнүктүрүү багытындагы жүргүзүлүп жаткан иштер болуп саналат. Бул багытта Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институту менен биргеликте Россиядан 1 тонна жайыт үрөнүн алып келип, 54 гектар жерге айдадык. Андан алынган түшүм келечекте жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жер-жерлерге себилмекчи”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий