• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 564 миңге жакын адам мамлекеттик жөлөк пул алат

Коом 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-январына карата мамлекеттик жөлөкпулду жалпы алуучулардын саны 563,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алардын ичинен “Үй-бүлөгө көмөк” - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 308,7 миң адамды түздү. “Социалдык жөлөкпул” - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 93,1 миң адамды түздү. Ал эми бала төрөлгөндө бир жолку берилүүчү «балага сүйүнчү» жөлөкпулун 161,8 миң адам алды.

Жалпысынан республика боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун орточо өлчөмү 871,2 сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3029,9 сомду түздү.

Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 7530,5 млн сом (өсүш - 15,4%) акча каражаты каржыланган, алардын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулду төлөөгө 2930,9 млн сом, социалдык жөлөкпулду – 3478,0 млн сом, “балага сүйүнчү” жөлөкпулу - 650,3 млн сом каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий