• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 599,2 млн сомдук жеке коргонуучу каражаттардын кору бар

COVID - 19 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 599,2 млн сомдук жеке коргонуу каражаттардын кору бар. Бул тууралуу Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту стационарларда дарылоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен акысыз жүргүзүлүүдө.

“ПЧР анализинин оң же терс натыйжасында “Коронавирус инфекциясы” диагнозу коюлган бардык бейтаптарды стационардык дарылоо мамлекеттик медициналык мекемелерде акысыз жүргүзүлөрүн эске салгым келет. Бардык медициналык кызматтар, анын ичинде дары-дармек менен камсыздоо республикалык бюджеттен төлөнөт”, - дейт ал.

Ошондой эле ал жеке коргонуу каражаттарынын запасы дарыгерлерди 2-3 айга камсыздоого жетиштүү экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий