• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда 5G технологиясынын биринчи сыноосу аяктады

Коом 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында уюлдук байланыш операторлору тарабынан 5G технологиясына тесттик сыноолор өткөрүлдү.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, анын жыйынтыгында:

- маалымат ылдамдыгы чекундасына 1690-2000 Мбит, бул 4G менен салыштырганда 7 эсе көп;

- маалыматтарды кабыл алуу ылдамдыгы секундасына 105 Мбит;

- кечигүүсү 14 мс;

- 4G караганда өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 33%дан 100%га чейин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Тесттик сыноолордун жүрүшүндө байланыш операторлору виртуалдык реалдуулук чөйрөсүндө 5G технологиясынын мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле реалдуу убакыт режиминде өнөр жай роботун башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн жана видеоконтент кызматтарынын сапатын сынашты. Видеоконтенттик кызматтарынын сапаты видеону 8K Ultra HD уруксаты менен көрүүнү камтыйт.

Азыркы учурда “Мегаком” мобилдик оператору 5G технологиясынын биринчи сыноо тестирлөөсүн аяктады.

Эске салсак, өткөн жылы республикада 5G уюлдук байланышын сыноо иштери башталган.

5G зымсыз тармактык технологиянын бешинчи мууну. 5G тезирээк жүктөө жана жүктөөнүн жаңы ылдамдыгын сунуштайт, ошол эле маалда бир эле учурда көбүрөөк түзмөктөрдү туташтырууга мүмкүндүк берет.

Тилекке каршы, калк арасында 5G жөнүндө маалыматтын жетишсиздигинен улам, технологиянын зыяны жана анын адамдын ден соолугуна тийгизген коркунучтуу таасири тууралуу терс имиштер бар.

Бирок, чындыгында, 5G адамга көптөгөн ыңгайлуулуктарды берет. Биринчи кезекте жеткиликтүү жана сапаттуу интернет байланышы. Мисалы, жаңы технология менен реалдуу убакыт режиминде эң татаал операцияларды жасоого болот. Ал эми дыйканчылык менен алектенген адамдар үчүн технология айыл чарба техникасын алыстан башкаруу жана талаалардын абалын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берет.

Муну менен бирге 5G виртуалдык реалдуулук иш-чараларынын ультра жогорку видео жана трансляциясынын тактыгын жана сапатын камсыз кылат.

Жалпысынан 5G 4G уюлдук байланышына караганда таптакыр башка деңгээлде таасир этиши мүмкүн. Маалымат ылдамдыгы ондогон эсе тезирээк жана жакшы шарттарда болот, маселен, секундасына 20 гигабитке жетиши мүмкүн, ал эми 4G секундасына 100 мегабит гана бере алчу. Бул айырма бир нече секунданын ичинде аппаратка ондогон толук метраждуу тасмаларды жүктөөгө мүмкүндүк берет. Бул артыкчылыктардын бардыгы жакынкы 20 жылдын ичинде жеткиликтүү болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий