• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 6 айда виртуалдык окурмандардын саны 2,2 миллионду түздү – Жаманкулов

Коом 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда 6 ай ичинде виртуалдык окурмандардын саны 2,2 миллионду түздү. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

“2020-жылдын биринчи жарым жыл ичинде республикадагы китепканаларда окурмандардын саны жалпы 289 415 адамды, виртуалдык окурмандардын саны - 2 200 079, окурмандардын катышы - 1 544 428, билдирмелердин саны – 965 385, китептин берилиши - 4 393 122, өткөрүлгөн иш-чаралардын саны - 12 503 түздү”, - деди ал.

Министр кошумчалагандай, азыркы учурда, республика боюнча 1064 китепкана иштеп жатат, анын ичинен: республикалык – 2, облустук – 11, райондук – 39, шаардык - 86, балдар китепканасы- 35, айыл жериндеги – 883 жана 8 облустук китепканалардын филиалдары. Жалпы 2 миң 967 кызматкер эмгектенип, анын ичинен китепкана кызматкерлери – 2 миң 230 адисти түзөт.

Пикир

Оставить комментарий