• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 6-январга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 01.01.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 2-январдан 6-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

2-6-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-4-январларда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 мерге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

2-6-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-январда туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

2-6-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-4-январларда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 мерге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

2-январда түнкүсүн кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

3-5-январларда жана 6-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

6-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-3-январларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

2-январда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн.

2-январда күндүз жана 3-6-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-3-январларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий