• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 6-майга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 2-3-4-5-6-майда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

2-6-майларда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

2-майда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо, жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-майда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

4-майда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-майда күндүз жана 5-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 5-майда күндүз жана 6-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 6-майда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-3-майларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2-6-майларда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

2-майда жана 3-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 3-майда күндүз жана 4-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 4-майда күндүз жана 5-6-майларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

2-6-майларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

2-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

4-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

5-майда түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 5-майда күндүз жана 6-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-3-майларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2-6-майларда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

2-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-майда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 4-майда күндүз жана 5-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

5-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен, күндүз кээ бир райондордо, жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-майда күндүз жана 3-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2-6-майларда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

2-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 2-майда күндүз, 3-майда жана 4-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 4-майда күндүз жана 5-майда жаан-чачын күтүлбөйт. 6-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 2-майда күндүз жана 3-майда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2-6-майларда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

2-майда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-майда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-майда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 4-майда күндүз жана 5-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

5-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-3-майларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий