• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда 600 миңге жакын жаран биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек

Коом 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Кыргызстанда 600 миңге жакын жаран биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, алардын көбү чет өлкөдө жүргөн жарандар.

"Учурда биометрикалык маалыматтарды тапшырбай туруп паспорт алууга болбойт. Ушул тапта аймактарда бул боюнча атайын тактоо иштери жүрүп жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий