• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 600дөй ыктыярчы окуудан өтүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүдө - Парханов

Коом 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 600дөй ыктыярчы окуудан өтүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча 500-700 ыктыярчы окуудан өтүп жумуштарын кылып жатат. Бишкек шаарында болсо 150-200 ыктыярчы унаалары менен аз камсыз болгондорго жардам көрсөтүүдө.

Парханов белгилегендей, учурда колунда бар үй-бүлөлөр да жардам сурап кайрылып жатат.

"Азыр азык-түлүк катары берилген жардам өз дарегине жетиш үчүн ыктыярчылар өздөрү көзөмөлдөп жатат. Алар барган жеринде үй-бүлөлөрдө муктаждык болбосо, анда аларга жардам берилбейт", - деди ал.

Парханов кошумчалагандай, жардам көрсөтүү боюнча борборлоштурулган штаб иштеп жатат.

Белгилей кетсек, 1-апрелге карата Кыргызстанда 111 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын арасынан Жалал-Абад облусунда үчөө айыгып чыккан.

Коронавирустан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Саат 20:00-07:00гө чейин коменданттык саат белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий