• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 624 жасалма дем алдыруу аппараты, коронавирусту аныктоо үчүн 7 миң тест бар – Исаков

Ден соолук 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда 624 жасалма дем алдыруу аппараты, коронавирусту аныктоо үчүн 7 миң тест-система бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, алардын ичинен 5 миң тест Россия тарабынан берилген.

Ошондой эле ал өлкөдө 624 жасалма дем алдыруу аппараты бар экенин жана кошумча 200дү алуу каралып жатканын айтып өттү. Ал үчүн алар Дүйнөлүк банкка кайрылып, аталган банк 8 млн доллар бөлүп берерин билдирген.

"Ал каражатка жасалма дем алдыруу аппараттары жана башка керектүү каражаттар алынат", - деди ал.

Исаков билдиргендей, учурда жарандарды обсервация жаткыруу үчүн жалпы 1 миң 600 орун бар. Азыркы тапта обсервацияда 321 киши жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Сузак районунда (Жалал-Абад облусунда) үч адамда коронавирус аныкталган. Алар 12-март күнү Сауд Арабиясынан келишкен. Мындан улам Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий