• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 64 энелер мектеби иштейт

Аймак 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Нарын облусунун Нарын районунда үй-бүлөлүк медицина борборунда энелер мектеби ийгиликтүү иштөөдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, бул жерде болочок энелерди эне болууга даярдашат. Атап айтканда, төрөт тууралуу так маалыматтар, адистерден кеңеш алуу жана башка кош бойлуу энелер менен таанышуу.

Мектептердин негизги максаты – кош бойлууларды төрөт маалында өзүн кандай алып жүрүү керек, өзүнө-өзү жардам берүү жана ден соолукту чыңдоо. Негативдүү эмоцияларды жана коркуу сезимдерди жок кылуу.

Сабак учурунда мугалимдер бала кароо боюнча жаңы нерселерди үйрөнүү, сүйлөшүү, эмизүүгө өзгөчө көңүл буруу жана башка керектүү нерселерге үйрөтөт. Анткени бала төрөлгөндөн кийин биринчи айлар абдан маанилүү.

Бүгүнкү күндө республиканын аймагында 64 энелер мектеби иштейт.

Пикир

Оставить комментарий