• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 65 миңден ашуун ишкер ККМ колдонууда

Коом 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. 2022-жылдын ичинде контролдук-кассалык машиналарды колдонгон ишкерлердин саны дээрлик үч эсеге көбөйүп, бүгүнкү күндө 65 миңден ашуун субъектти түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн жыйынтыктоочу жыйында санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Апсамат Мурзакматов билдирди.

Анын айтымында, МСК жаңы техникалык талаптарга жооп берген ККМди киргизүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүлүүдө.

"ККМди колдонгон субъекттердин мындай үч эсеге көбөйүшү салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чараларынын, ошондой эле 10 миңден ашык гибриддик ККМди ишкерлерге бекер таратуунун натыйжасы болду.

ККМди колдонуу системасын өнүктүрүүгө Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясы да өз салымын кошту. Акциянын жүрүшүндө жарандар товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алууда кассалык чектерди талап кыла башташты", - деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын 1-июлунан тарта фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу милдеттүү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий