• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 66 адамдан COVID-19 табылып, үч бейтап каза болду — статистика

COVID - 19 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда 30-ноябрга карата коронавирус дагы 66адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Анын ичинде Бишкек шаарында – 19, Чүй облусунда – 30, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 7 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 100 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 405 бейтап, амбулатордук түрдө 488 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 351 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 230 киши айыгып чыкса, 2 миң 746 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий