• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда 66 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду. Акыркы маалыматтар

COVID - 19 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 25-октябрга карата коронавирус 66 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 44, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда - 2, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда - 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 36 адам илдеттен сакайып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 712 бейтап, амбулатордук түрдө 655 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 629 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 97 киши айыгып чыкса, 2 миң 655 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий