• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 7-13-сентябрь күндөрү Комуз жумалыгы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 9-сентябрь Комуз күнүнө карата үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрынан 13-сентябрына чейин Комуз жумалыгын жарыялайт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жумалык онлайн форматта өткөрүлөт.

Программада, залкар комузчуларды эскерүү, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жана комузчулардын катышуусу менен илимий-практикалык конференция, залкар жана жаш комузчулардын катышуусу менен “Таңшы комуз” онлайн концерти жана видео сабактар өтүп, ал “Маданият.Тарых.Тил” каналы жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин фейсбук баракчалары аркылуу түз көрсөтүлөт.

Маданият министрлиги республикадагы бардык жарандарды аталган жумалыкка активдүү катышуу менен фейсбук жана инстаграмм аккаунттарга #ТаңшыКомуз хештегин колдонуу менен видео жарыялоого чакырат.

Жумалыктын программасы:

- 7-сентябрда саат 10:00дөн 16:00гө чейин “Күү залкарларын эскерүү” - Карамолдо, Ыбырай, Токтогул, Ниязалы, Чалагыз, Атай, Шекербек ж.б,;

- 8-сентябрда саат 16:00дө “Комуз күүлөрүнүн өнүгүү тенденциялары” илимий конференция;

- 9-сентябрда саат 17:00дө “Таңшы комуз” гала-концерт (онлайн);

- 10-сентябрда бир күн бою "Комуз менен ырдайбыз!" онлайн акциясы;

-11-сентябрда саат 16:00дө “Залкар комузчулардын табериктери” Залкар комузчулардын комуздары тууралуу баян;

- 12-сентябрда саат 11:00дө Атай Огомбаевдин 120 жылдык мааракесине карата флешмоб “Маш ботой”.

Белгилей кетсек, “Комуз күнү” майрамы Кыргызстан элин биримдигин бекемдөөгө, коомчулукту бириктирүүгө багытталып, этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатында президенттин жарлыгы менен 2019-жылы кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий