• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 7-февралдан тарта унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу башталат

Коом 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Кыргызстанда 7-февралдан тарта автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу башталат. Буга тийиштүү мыйзам 2019-жылдын 7-февралында күчүнө кирет.

Жарандарга унаасын камсыздандыруу үчүн 2,5 айга жакын убакыт берилет. Ал эми камсыздандыруу жасабаган жарандар айып пул төлөшөт.

Камсыздандыруу полисинин наркы ар бир автоунаа үчүн түрүнө, кыймылдаткычынын көлөмүнө карап эсептелет.

Камсыздандыруунун орточо суммасы 2 миң 210 сом түзөт, ал эми максималдуу тарифи – 6 миң 500 сомов.

Буга чейин базалык полистин минималдуу тарифи – 1 миң 680 сомду түзөт деп кабарланган.

Жаңы мыйзамдын максаты жабыркагандарга жол кырсыгында алган жаракаттары үчүн келтирилген зыяндын ордун толтуруу укугун коргоо.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 1,1 млн. унаа каражаты катталган. Ал эми учурда 20 камсыздандыруучу компаниялар бар.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда унааларды милдеттүү түрдө камсындандырууну киргизүү сунушу 2010-жылы айтылган. Бирок аны 2016-жылдын февраль айынан тарта баштоо чечилген. Бирок коомчулук бул ойду терс кабыл алган. Активисттер мыйзамды "чийки" деп эсептеп, камсыздандырууну киргизүүнүн шашылыштыгына нааразы болуп, камсыздандыруу компанияларынын таза иштерине күмөн санашкан.

Өкмөт мыйзамды калтырып, айып пул салууну 2018-жылга жылдырууну сунуштаган.

Ал эми Жогорку Кеңеш унааларды милдеттүү түрдө камсындандыруу тууралуу мыйзамды 2019-жылы күчүнө киргизүү боюнча чечим кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий