• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда 70 сүт өндүрүүчү бодо мал сатып алууга насыя алды

Экономика 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Бүгүнкү күндө 70 субъектке бодо мал сатып алууга насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, финансы-насыялык фонд тарабынан “Сүт тармагын кредиттөө долбоору” иштелип чыкты. Программа сүт өндүрүү боюнча бодо малдын санын көбөйтүүгө жана сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Бүгүнкү күндө 70 субъектке 27 млн ​​860 миң сом насыя берилди.

Алардын ичинен облустар боюнча:

  • Ысык-Көл облусу – 11 млн 500 миң сом;
  • Талас облусу – 6 млн 410 миң сом;
  • Чүй облусу – 3 млн 150 миң сом;
  • Жалал-Абад облусу – 2 млн 800 миң сом;
  • Нарын облусу – 4 млн сом.

Эскерте кетсек, кредиттер төмөнкү шарттар менен берилет:

Айылдык өндүрүшчүлөр - 500 миң сомго чейин.

Фермалар үчүн - 1 млн сомго чейин.

Шарттары:

  • жылдык 6% га чейин;
  • финансылык санкциялар - жылына 12%;
  • күрөөгө каралган шарттар;
  • 150 миң сомго чейин кредиттерди «кепилдик» менен берүүнү карайт.

Мөөнөтү - 36 айга чейин, негизги карызды жабуу үчүн 9 ай жеңилдетилген убактысы менен жана квартал сайын бекитүү шарт.

“Насыяларды берүү боюнча кошумча маалымат алуу үчүн Финансы министрлигине караштуу финансы-кредиттик фондго кайрылыңыз: 0(312) 30-48-83; 0(997)88-55-54; 0(755) 55-88-71; Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 58. Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын имараты. Ошондой эле КР аймактарында финансы-кредиттик фонддун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бар, алар “Сүт тармагын кредиттөө долбоору” боюнча маалымат берүүгө даяр”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий