• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда 760 май куюучу жай автоматташтырылган системага өттү

Экономика 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. 10-сентябрга карата Кыргызстанда 760 май куюучу жай автоматташтырылган системага өттү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 1-июлдан тартып май куюучу жайлар, анын ичинде автогаз, газ толтуруучу компрессордук станциялар автоматташтырылган башкаруу системасы менен иштей баштаган.

"10-сентябрга карата өлкөдө иштеп жаткан 1 миң 48 май куюучу жайдын 760ы жай автоматташтырылган системага өттү. Анын өзгөчөлүгү - кардар акы төлөп кассалык чекти албай туруп май куюп ала албайт. Себеби, май куюучу жайдын колонкасынан мунайзатты берүү жөнүндө белги иштебей калат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий