• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 8 аборттун бирөө гана каттоого алынат

Ден соолук 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик клиникаларда жасалган 8 аборттун бирөөсү гана каттоого алынат. Бул тууралуу “Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянс” жүргүзгөн изилдөөдө белгилүү болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева билдиргендей, бойдон алдыруу боюнча маалыматтар узакка созулган процедураларды талап кылбаган эрте мөөнөттө жасалган аборттордун формалдык эмес төлөмдөрүнүн жана туура эмес жүргүзүлгөн каттоонун айынан так эмес.

“Изилдөө көрсөткөндөй, бойдон алдыруулар жүргүзүлгөн саламаттыкты сактоо уюмдары көбүнчө шаарларда жана райондук борборлордо жайгашкан. Бул айылдын калкынын арасында кызмат көрсөтүүлөргө болгон жеткиликтүүлүктү чектейт. Контрацептиваларды колдонгон репродуктивдүү курактагы аялдардын үлүшүнүн төмөндөө ыктымалдуулугу 2015-жылдан бери Кыргызстанга гуманитардык жардамдын токтоосуна, калктына социалдык аялуу катмары үчүн контрацептиваларга жеткиликтүүлүктүн жоктугуна байланыштуу төмөндөйт”, - деди Асылбашева.

Пикир

Оставить комментарий