• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 8 кесиптик окуу жайда 15 кесиптин сапаты жакшыртылат

Билим 0

Бишкек, 05.12.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 8 кесиптик окуу жайда 15 кесиптин сапаты жакшыртылат. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы кесиптик-техникалык окутууга багытталган долбоордун аткаруу бөлүм жетекчиси Нурлан Атаханов билдирди.

Анын айтымында, аталган министрлик тарабынан 8 кесиптик окуу жай пилоттук режимде тандалып алынды. Алардын бирөө Бишкекте жетөө аймактарда орун алган.

"Азыр долбоордун 3-тепкичи ишке ашып жатат. Анда Кыргызстандагы 8 кесиптик окуу жай тандалып алынды. Ал окуу жайлардын билим деңгээлин, мугалимдин сапатын, окуу жайлардагы шаймандарды жакшыртуу болуп 16 маселе каралып жатат. Долбоордун негизги максаттарынын бири - окуу жайдын башкаруу системасын жакшыртуу. Ал каржылоо маселеси. Мамлекет тарабынан кесиптик-техникалык окуу жайларга канча каражат бөлүү керектигин аныктоо системасын түзүү сунушталууда", - деди долбоордун жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий