• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда 8-сентябрь — Финансылык чалгындоо органынын кызматкеринин күнү деп белгиленди

Коом 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө токтомго кол койду.

Документке ылайык, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо 3-тиркемеге ылайык;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын туусу жана эмблемасы жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине 5-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери 6-тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.

4. 8-сентябрь жыл сайын белгиленүүчү кесиптик майрам - Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын кызматкеринин күнү деп белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы:

1) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;

2) ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык санынын чегинде ишке ашырсын.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий