• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 85 миңден ашык баланын ата-энеси миграцияда жүрөт

Коом 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда 85 миңден ашык баланын ата-энеси миграцияда жүрөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Чолумова Бишкектеги тегерек стол учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда облустарда 85 миң 904 баланын ата-энеси миграцияда экени аныкталган.

"Алардын басымдуу бөлүгү Ош облусунда турат - дээрлик 23 миң бала. Бирок, бул багыттагы иш улантылып жатканын белгилеп коюу керек. Мындан улам бул сан дагы артышы мүмкүн", - деди ал.

Эскерте кетсек, өлкөнүн баардык аймактарында атайын штабдар иштейт. Алардын саны 511ге жетет. Алардын көпчүлүгү жергиликтүү райондук администрацияларга бекитилген.

Ал жерден жарандар, баардык маселе, анын ичинде өспүрүмдөр менен байланышкан маселелерде кеңеш ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий