• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда 9 айда өндүрүштүн көлөмү 233,5 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-сентябрь айларында өндүрүш продукциясынын көлөмү 233,5 млрд сомго жакынды түздү. Бул тууралуу брифинг учрунда Улуттук статистикалык комитеттин өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмунүн жетекчиси А.Маманова билдирди.

Анын айтымында, мындай көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 4,2%га азайган.

“Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишкананы эске албаганда өнөр жай өндүрушүнүн көлөү 133,5 млрд сомду түзүп, 17,7%га өстү. Өнөр жайдын көлөмүнүн төмөндөшү формацевтикалык продукцияны өндүрүү 42%га, химиялык продукциянын 35%га жана негизги металлдардын жана даяр металл буюмдарды өндүрүүнүн 24,4%га кыскаруусуна байланыштуу болгон”, - деди ал.

Маманова белгилегендей, тоо-кен тармагындагы өнөр жайдын көлөмү 19,4 млрд сомду түздү жана 10,3%га өстү, кайра иштетүү өнөр жайы - 183,2 млрд сом, төмөндөө 8,4%ды түздү, электр, газ, буу жаатында 27,8 млрд сомду түзүп, өсүш 5,1%ды түздү, суу менен жабдуу, тазалоо, таштандыларды тазалоо 3,1 млрд сом (өсүш 32,7%).

Пикир

Оставить комментарий